Жаңылыктар
Укуктук билимди жогорулатуу. Россияда жашаган Кыргызстан жарандары үчүн окуулар өткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Укуктук билимди жогорулатуу. Россияда жашаган Кыргызстан жарандары үчүн окуулар өткөрүлөт

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Орусия аймагында жашаган Кыргызстан жарандарынын укуктук сабаттуулугун жана укуктук билимин жогорулатуу максатында россиялык компетенттүү органдарынын катышуусу менен бир катар тематикалык онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырып жатат. 

Элчиликтен билдиргендей 11-мартта Москва убактысы боюнча саат 12:00дө “Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы жүрүм-турум фактору боюнча юристтер менен адвокаттардын сунуштары” аттуу темада Москванын Борбордук адвокаттар коллегиясынын өкүлдөрү менен түз баарлашуу форматында онлайн берүү өткөрүлөт. 

"Буга байланыштуу Кыргызстан жарандарын аталган иш-чарага катышууга чакырабыз. Иш-чара социалдык тармактарында, ошондой эле элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт. Катышуучулар өздөрүнүн суроолорун баяндамачыларга бере алышат", - деп айтылат маалыматта.