Жаңылыктар
Бишкектин эки көчөсү убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин эки көчөсү убактылуу жабылды

Бишкектин Жунусалиев жана Курултай көчөлөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Мэриядан билдиришкендей, Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин-Ахунбаев бөлүгү жана Ынтымак конушундагы Курултай көчөсүнөн баштап, Магистраль көчөсүнөн Кожомкул көчөсүнө чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабык болот. 

«Урматтуу жарандар! Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңыздарды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз»,- деп айтылат билдирүүдө. Көчөлөр «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолот.