Президент Садыр Жапаров дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы 85 жаш мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчы телефондук сүйлөшүүдө анын туулган күнү Аялдардын эл аралык күнүнө туш келип, кош майрам болуп жатканын канааттануу менен белгиледи. Роза Айтматованын активдүү коомдук ишмердүүлүгүнө токтолгон Президенттин атынан белектер берилди.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 85 жашка толду. Ал коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси. Роза Айтматова айымдардын укугун коргоо жаатындагы лидерлердин бири.