Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Роза Айтматованы 85 жаш мааракеси менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Роза Айтматованы 85 жаш мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-мартта, заманыбыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы телефондук сүйлөшүүдө 85 жаш мааракеси менен куттуктады. 

Мамлекет башчысы Роза Айтматованын мааракеси 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен туш келип, кош майрам болуп жатканын канааттануу менен кошумчалады. Садыр Жапаров Роза Айтматованын активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышуусун белгиледи. Ал анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чынгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан, интернет сайттарынан өзгөчө кызыгуу, берилүү менен окуганын ыраазычылык менен белгиледи. Мамлекет башчысы кийинки муундардын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанып-билүүсү үчүн бул эскерүүлөр зор мааниге ээ экенин айтты. Садыр Жапаров Роза Айтматовага бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалады. Мамлекет башчысынын атынан маараке жана майрамга карата белектер берилди.