Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда орто эсеп менен аялдар айына 16 524 сом, эркектер 21 999 сом каражат табат.
Комитет бул статистика үч-төрт жылдан бери анча деле өзгөрбөй жатканын белгилейт. Бирок аймактардын ичинен Нарын облусунда аялдар эркектер менен дээрлик бирдей эле акча табат. Аялдар айына эң аз акча тапкан аймак - Талас облусу. Улуттук статистика комитетинын кабарлашынча Кыргызстанда айлык аз төлөнүүчү билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүү сыяктуу жумуштарда аялдар эмгектенет. Жетекчи кызматтарда эркектерге караганда аялдардын саны аз. Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен.