Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна алып барчу Таш-Көмүр-Кербен жолу.
Бул жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташып иштеген Эрмек Бекинбетов, тоолор курчаган өрөөндү аралай кеткен даңгыр жолдо машинасын зымырата айдачу күндү 10 жылдан бери күтүп келет. Начар жолдун айынан жолго кеткен убакытты айтпаганда да, унаасы тез-тез бузулуп, бензин да көп коромжу болорун айтат.