Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, саат 11:30дан тарта «Сосновка» посту унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымындагы Абла тилкесинде кар көчкү түшкөн. Кардын көлөмү такталууда. Учурда жол убактылуу жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника жана куткаруучулар тартылган. Кошумча маалымат берилет-дейт, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.