Бишкекте 25-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 6 миң 571 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинен мас абалында унаа башкарган – 59, терезесин караңгылатып айдаган – 13, айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу автоунаа башкарган.
Ошондой эле 116 техникалык каражаттарды каттоо эрежеси бузулган. 325 учур жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузууларга байланыштуу болгон. Мындан сырткары, эки миңге жакын коопсуздук куруу жок унаа башкаргандар менен төрт миңден ашык башка эреже бузуулар катталып, 500дөн ашык автоунаа айып короосуна киргизилген.