Жаңылыктар
Бишкекте жана Ошто Россиянын миграциялык борборлорун түзүү пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жана Ошто Россиянын миграциялык борборлорун түзүү пландалууда

2022-жылдын жай айларына чейин Кыргызстандын эки шаарында – Бишкекте жана Ошто, Орусиянын миграциялык борборлорун түзүү пландалууда. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев бул маселени Москва облусундагы "Сахарово" көп функционалдуу миграциялык борборунун жетекчилиги менен талкуулады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Алмаз Имангазиев орус тарапка Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына керектүү процедуралардан өтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Орусиядагы миграциялык борбордун жектекчилиги медициналык текшерүү жүргүзүлчү "М" секторунда шарттарды карап чыгууга даяр экенин айткан. Жыйынтыгында мекеме Москвада жана облуста жүргөн кыргызстандыктарга саат 13:30дан 17:00гө чейин миграция борборуна барууну сунуштады. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, "Сахароводо" күн сайын 500гө жакын кыргыз жараны тейленет жана күтүү убактысы орточо үчтөн алты саатка чейин болот.