Кыргызстанда доллардын сомго карата орточо баасы 98 сом 50 тыйындан сатылууда. Valuta.kg сайтындагы соңку маалыматка ылайык, 1 доллар 96 сом 90 тыйындан алынып, 98,50 тыйынга сатылууда.
Бир рубль 75 тыйындан сатып алынып, 1 сомдон сатылууда. Акыркы он күндө АКШ доллары 14 сомго кымбаттады. Америка акчасынын баасынын жогорулашы Украинадагы аскердик операцияларына байланыштуу Орусияга батыш өлкөлөрү тарабынан салынган санкциялардын натыйжасында болууда. Улуттук Банк акча базарындагы туруктуулукту сактоо максатында маалы менен интервенция жасап турат.