Кыргызстанда 28-февралга карата доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп, 95 сомду түздү. Улуттук банктын расмий курсу - 89 сом болууда.
Эске салсак, доллардын курсу 24-февралдан тарта, Россиянын аскер күчтөрү Укринанын аймагында жүргүзүп жаткан атайын аскердик операцияларынын таасирине байланыштуу өсүүдө.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы 13 млн 50 миң доллар сатып, интервенция жасаган. Ошондон кийин доллардын курсу бир аз турукташкан.