Жаңылыктар
Жүргүнчү ташыган поезд каттамдарын жандантуу аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жүргүнчү ташыган поезд каттамдарын жандантуу аракети көрүлүүдө

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Москва Кыргызстандан Орусияга Казакстан аркылуу поезд каттамдарын жандантып, жүргүнчү ташууга уруксат алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. 

Өткөн аптада казак тарап 21-февралдан тартып өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн каттоосуна уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган. 

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек - Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек - Новосибирск жана аптасына бир ирет Бишкек - Казань каттамы болгон.