Жаңылыктар
Электр жарыгын үнөмдөп пайдаланалы. Токтогулдагы суунун көлөмү канча?
Кыргызстан жаңылыктары
Электр жарыгын үнөмдөп пайдаланалы. Токтогулдагы суунун көлөмү канча?

Токтогул суу сактагычында суунун учурдагы көлөмү 8 миллиард 400 миллион куб метрди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 жарым миллиард кубга аз. Бул энергияны өндүрүүгө терс таасирин тийгизет. Мындан улам Улуттук энергетикалык холдинг жарандарды электр жарыгын үнөмдөп колдонуу керек экенин эскертүүдө.