Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Таршахани менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушуу элчининин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу өттү.
Анда тараптар эки өлкөнүн кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты. Өз кезегинде Артыкбаев элчиге Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.