Министрлер кабинети бир катар азык-түлүктүн кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды. Төмөнкү азыктарды алып келүүдө жеңилдиктер каралышы мүмкүн.
Алар кант, кант камышы, өсүмдүк майы, мал жана балык үчүн тоют, тоок жумурткасы, арпа жана сулуу. Импорт кылгандар менчигинин түрүнө жана азык ташуунун максатына карабастан салыктан бошотулушу ыктымал. Токтом кабыл алынса салык каникулдары ушул жылдын аягына чейин күчүндө болору айтылды. Министрлер кабинети мындай демилгени коронавирус пандемиясы калктын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатканы менен түшүндүрдү. Долбоордо ички рынокто аталган азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги байкалып, анын айынан баалар көтөрүлгөнү белгиленген.