Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы медициналык окуу жайлардын клиникалык базасынын колдонулушуна анализ жүргүзөт. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Комиссия министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен түзүлгөн. Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү 15-мартка чейин медициналык билим берген мекемелерге барып, жеринде текшерүү жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын талапка жооп бербегендигине байланыштуу аларды жабуу керектигин айткан.