Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.
Мурда маалымдалгандай, УКМК өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында ишкерлердин кызыкчылыгын көзөмөлдөөчү органдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо боюнча тынымсыз иш алып барууда.
Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөлдөө пункттарынын системасында коррупциялык схеманын бар экендиги жөнүндө маалыматтар алынган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар тастыкталып, Кылмыш-жаза кодексинин Коррупция беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 22-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишет.