Жаңылыктар
Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин жетектейт
Кыргызстан жаңылыктары
Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин жетектейт

"Улуу көчмөнөр мурасы" холдинги түзүлдү жана аны Теңгиз Бөлтүрүк жетектейт. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Буга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдү" сырттан убактылуу башкаруучусу милдетинен өзү жазган арыздын негизинде бошотулду. Тагыраагы, ал Кумтөр голддун иш жүзүндө жетекчиси бойдон кала берет. 

Себеби, "Улуу көчмөндөр мурасы” Мамлекеттик компаниясы кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашырат.