Жаңылыктар
Бүгүн жылдын эң кооз даталарынын бири. Бул күнү борбор калаада 65тен ашык түгөй баш кошууну чечишкен
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн жылдын эң кооз даталарынын бири. Бул күнү борбор калаада 65тен ашык түгөй баш кошууну чечишкен

Бүгүн жылдын эң кооз даталарынын бири. Бул күнү борбор калаада 65тен ашык түгөй баш кошууну чечишкен. Жаңы баш кошкон түйгөйлөр бул сандар алардын мындан аркы жашоосуна, сүйүүнүн бекем болушуна да таасир этет деген ойдо.

Эң кооз окшош даталар күнү бакыт үйүндө өзгөчө майрамдык маанай. Дал ушул күндү көптөгөн түгөйлөр атайын күтүп, окшош сандар күнүндө баш кошууну бир нече ай мурда эле белгилеп, никеге турууга арыз берип коюшкан.
 
Иш күнүнө карабастан жаш жубайлар биринин артынан бири келип чогу түтүн булатууга ант беришип, нике шакектерин тагынышууда. Бул күнү борбор шаардагы Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмүнө 64 түгөй катталып баш кошууну болжошкон.
 
Кээ бир жаштар баш кошуу үчүн бул күндү эки жылдан бери күтүшкөн. Ал эми бул күнү баш кошуп жаткан бактылуу түгөйлөр, келечектен көптү үмүт кылышып унутулгус өзгөчө датада баш кошуп жатышканын билдиришет.
 
Арасында былтыр үй-бүлө куруп, бирок каттоосун бүгүнкү кооз датага калтырылып коюшкан жубайлар да кездешет.
 
Миң жылдыкта мындай кооз даталардын саны алтымыш гана. Мындан улам соңку жылдары окшош сандар туш келген күндөрү баш кошкон жубайлар көбөйдү. Кыргызстанда болсо жай жана күз мезгилдери үйлөнүү-үлпөт айы болуп эсептелет.