Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөгө болгон түз инвестициялар 2021-жылдын 9 айында 26,4% өскөн.
Бирок, негизги капиталга болгон инвестициялардын келүүсү 2,6 эсеге азайган. Өлкө бийлиги көбүрөөк инвестиция тартуу ниетин ар дайым белгилеп келет. Бир жыл мурда инвестицияларды жана жеке менчикти сактоо боюнча жарлык чыгып, анда экономикалык кылмыштарды декриминализациялоо, экономикалык кылмыштар боюнча сотко чейинки териштирүү убагында камоого тыюу салуу боюнча маанилүү пунктар киргизилген. Мындай аракеттер Кыргызстандагы инвестициялык климаттын жакшырышына шарт түздү.