Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Баткенди өнүктүрүүгө саясий эрк бар
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Баткенди өнүктүрүүгө саясий эрк бар

Баткен жери алыскы аймак эмес, Кыргызстандын төрү болоорун билдирген Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, аймакка өзгөчө статустун алкагында өзгөчө көңүл бурулаарын, бул үчүн жетиштүү каражат менен саясий эрк бар экенин билдирди. 

Баткен облусунда өтүп жаткан көчмө жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Баткен облусун өнүктүрүү программасына ылайык ага каралган 500 млн. сомдук каражатты жыл сайын көбөйтүү, алдыдагы 5 жылда 5 млрдга жеткирүү керектигин билдирди. Ал эми Ош-Баткен унаа жолунун 28-75 аралыгын оңдоо иши май айында башталат. Бул үчүн Министрлер кабинети тарабынан саясий чечим кабыл алынды. Быйыл Баткендин жолдорун оңдоого 600 млн.сом бөлүнөт.