Баткен облусун өнүктүрүү программасы негизги 3 этап менен антикризистик, орто жана узак мөөнөттүү болуп ишке ашырылат. 2035-жылга чейин ишке ашырылуучу бул программанын алкагында Баткен облусунун аймагында 10 ири инвестициялык долбоор жүзөгө ашмакчы.
Алар 7 ГЭС, ири логистикалык борбор куруу жана Исфана шаарындагы аэропортту модеринизациялоо. Баткен облусуна берилген өзгөчө статуска ылайык, чек арага жакын жайгашкан айылдардын туруктуу жашоочуларына анын ичинде пенсионерлерге 2000 сомдон кошулат. Ал эми, пособие 2 эсеге көтөрүлдү. Мамлекет тарабынан берилчү аз пайыздагы насыялар Баткен облусунун тургундары үчүн 300 миң сомго чейин күрөөсүз берилет. Мамлекеттик ипотекага турак жай алууну каалагандарга 4 пайыздан берилет. Ал эми, облуска инвестиция салгысы келген инвесторго 10 млн.долларга чейин кепилдик каралат. Быйыл Баткендин жолдорун оңдоого 600 миллион сом бөлүнөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда өтүп жаткан көчмө жыйында Баткен облусун өнүктүрүү программасына ылайык 500 млн. сомдук каражатты жыл сайын көбөйтүү, алдыдагы 5 жылда бул сумманы 5 млрдга жеткирүү мерчемделип жатканын белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен өлкөнүн алыскы аймагы эмес, Кыргызстандын төрү болоорун билдирип, облуска берилген өзгөчө статустун алкагында дыкат көңүл бурулаарын ал үчүн жетиштүү каражат менен саясий эрк бар экенин айтты.