Жаңылыктар
Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барды. Атап айтканда,  ал индустриалдык-педагогикалык колледждин алдыңкы тажрыйбалар борборунун жана ОшМУнун медициналык клиникасынын иши менен таанышты.

Эдил Байсалов окуу жайдын жетишкендиктери менен таанышып, санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлуп жаткан иштер, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу кеңири маалымат алды.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кызыл-Кыя шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгына жана Үч-Коргон айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барды. 

Эртең Эдил Байсалов Баткен облусунда өтүүчү Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынына катышат.