Жаңылыктар
УКМК: Аткезчилик менен ташылган жүк кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Аткезчилик менен ташылган жүк кармалды

УКМК тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, мамлекеттик чек арада аткезчилик иш-аракеттердин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатат. 

Ушул жылдын 12-январынан 15-февралына чейинки аралыкта контрабандалык иштерди кылуу максатында өлкөнүн мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөрүлгөн 19 тоннадан ашык жүк кармалды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул иштерге тиешеси бар делип УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери прапорщик жана сержант аныкталган. Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. 

УКМК мамлекеттик чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда. Ошол эле учурда, алдын алуу иш-чараларынын алкагында, товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, мыйзамсыз айыл чарба продукцияларын ташып келүүгө жол бербөө жана каналдарды токтотууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү калк арасында тиешелүү түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүүдө.