Жаңылыктар
БШК: Бишкектин эки районундагы шайлоо үчүн 215 миңден ашуун бюллетень даярдалды
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: Бишкектин эки районундагы шайлоо үчүн 215 миңден ашуун бюллетень даярдалды

Бишкектин эки районундагы шайлоо үчүн 215 миңден ашуун бюллетень даярдалды. 

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. 

Техникалык себептерден улам жараксыз болгон добуш берүү кагаздары жок кылынды. 

Бир мандаттуу Свердлов жана Биринчи май районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 27-февралда өтөт.