Жумгал районунун тургунунун үйүнөн 5 ок атуучу курал 13 огу менен табылды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 18-февралда райондун аймагында "Арсенал" аталыштагы операциясы өткөн.
Анын алкагында Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү айыл тургандарына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал району тургуну 1947-жылы туулган К.М. аттуу жарандын үйүнөн 2 сайлуу, 3 сайсыз ок атуучу куралдар, ок атуучу куралдын 13 огун мыйзамсыз сактап жүргөн жана 4 капкан табылган.
Бул факт боюнча Жумгал РИИБү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.