Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сом эмнеге жумшалаарын Баткен эли өзү чечсин. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Лейлек районунда эл менен жолугушууда билдирди.
Анын айтуусунда, жыл сайын республикалык бюджеттин аймакты өнүктүрүүгө 500 млн сом бөлүнөт. Аны кандай долбоорлорго жумшоо зарылдыгы эл менен акылдашкан соң маанилүү маселелер такталып, чечилиши керек. Анткени жергиликтүү көйгөйлөрдү жергиликтүү эл жакшы билет, - деди Арзыбек Кожошев.