Акылбек Жапаров, Ош-Баткен-Исфана эл аралык маанидеги унаа жолунун 47 чакырымын реконструкциялоо долбоору менен таанышты.
Жалпы унаа жолду оңдоого Жапон эл аралык кызматташуу агенттиги донордук кылат. Бул үчүн долбоордун тендердик документтери даярдалып жапон өкмөтү менен макулдашуу чарасы калды. Курулуш иштери быйыл башталышы керек. Реконструкциянын алкагында аталган участкада 7 көпүрө , жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астынан өтмөк куруу каралган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт министрлигине жол куруу ишин ыкчамдатууну, тараптар менен сүйлөшүүнү тездетүүнү тапшырды. Ошол эле учурда куруу иштеринин сапаттуу жүрүшүн белгиледи. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, жол тыгындарын чечүүдө кошумча долбоорлорду да сунуштады.