Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда эки күндүк жумушчу сапары менен жүрөт.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен облусунун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып чыгып, Ош - Ноокат – Баткен автожолун реконструкциялоо иши менен таанышып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынын өткөрөт.