Жаңылыктар
Өлкөдө жазгы талаа иштерине техникаларды даярдоо иштери аяктап калды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жазгы талаа иштерине техникаларды даярдоо иштери аяктап калды

Быйыл жазгы талаа иштери эрте башталды. Жер иштетүүдө колдонулчу айыл чарба техникаларынын баары жеке колдо. Айдап себүү иштерине талдоо жүргүзгөн айыл чарба министрлиги өлкө боюнча техникаларды даярдоо иштери аяктап калганын билдирди.

Сокулук районунда жайгашкан машина-трактордук станциясы жазга карата даярдык иштерин оруп-жыюу мезгили аяктаганда эле баштаган. Азыркы күндө тетиктерди майлап, акыркы текшерүү иштери жүрүүдө.

Бул үрөн чарба МТС ачып иштетип жатканына бир топ жыл болду. Техника курамын Германия, Белорус, Кытай жана Россиядан келген трактор, комбайндар толуктайт. Чарба өзү ээлик кылган аянттан тышкары элге да кызмат көрсөтөт.

Союз тараган соң айыл чарба техникалары дыйкан-фермелердин колуна өткөн. Азыркы күндө 22 миңге жакын трактор, 9 миңден ашык мала, 3 миңден ашык сепкич жана талаачылыкка керектеле турган шаймандар бар.

Быйыл кыш жылуу болуп, жаз жылдагыдан эрте баш бакты. Түштүк тарапта жазгы талаа иштери башталды. Бийлик тараптан дыйкандарга шарт түзүп берүү максатында бир топ иштер колго алынган. Алсак жеңилдетилген насыялар берилүүдө, ирригация тутумун жөнгө салуу жана башка иштер жасалууда.