Курамына 6 телеканалды жана 3 радиону камтыган КТРК өлкөдөгү ири медиакорпорация экени талашсыз. Андыктан КТРК үчүн ар бир көрүүчүнүн тандоосу маанилүү.
Бул үчүн эбегейсиз чоң күч жумушалып, өлкө турмушун бардык тараптан өз учурунда, так жана оперативдүү чагылдырууга багытталган иш жүрөт. Алсак эң алыскы Баткен облусунун тургундары акыркы жылдары кыргыз телеберүүлөрүнүн, анын катарында КТРКнын обого чыккан сапаты жакшыргандыктан, бир кездери коңшу өлкөлөрдүн телеканалдарына көз каранды болгон учурлар артта калды дешет.
Достук айылынын тургуну Саитбуркан Жапаров дүйнөдө жана өлкөдө болуп жаткан акыркы жаңылыктарды, эң көлөмдүү корпорация болуп саналган КТРКнын көгүлтүр экраны аркылуу көрөт. Анткени бул канал расмий булак катары белгилүү болгондуктан, ишенимдүү болуп, жаңылыктар түрмөгү туура жана так берилет дейт. Аны менен катар санарипке туташканы кыргыз каналдарынын саны өскөнүн айтат.
Үч тарабынан Тажикстан менен чектеш турган Достук айылындагылар бир кезде чындап эле коңшу мамлекеттин телеканалдарына аргасыз көз каранды болуп келишкенин айыл тургуну Зуура Рабиева айтат.
Азыркы убакта ал көрүнүш дээрлик жокко эсе болуп калган. Ошол эле учурда маалымат коопсуздугу сакталышына маани берүү учур талабы дейт. Анткени чек ара окуяларында социалдык тармактар аркылуу такталбаган маалыматтар чыгып кетсе, анын терс таасири көбүрөөк болушу мүмкүн экенин кошумчалайт.
Негизинен КТРКнын көрсөтүүлөрүн өлкө аймагына үзгүлтүксүз таратып туруучу 48 негизги радиорелейлик станция бар. Ал эми Баткен облусунда эле 7 станция жана 33 автоматтык телечагылдыргыч облустун бир дагы айылына калтырбай КТРК нын бардык каналдарынын көрсөтүп турат.
КТРК дээрлик 64 жылдан бери эфирге чыгып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинде коомчулуктун сыны да, мактоосу да бар. Бирок, коомчулуктун басымдуу пикирин эске алганда Коомдук биринчи канал өлкөдөгү эл көп көргөн популярдуу телеканал болуп калганы талашсыз.