Жаңылыктар
Кумтөр боюнча канадалык Centerra компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн 15-мартка чейин аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр боюнча канадалык Centerra компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн 15-мартка чейин аяктайт

Былтыр Кумтөрдө 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Алардын баардыгы сыртка чыгарылбай, кыргыз экономикасына гана жумшалып жатат. Ал эми Кыргызстан Кумтөр боюнча канадалык Centerra компаниясы менен сүйлөшүүлөрүн 15-мартка чейин аяктайт.

Былтыр Кумтөрдөн салыкты эске албаганда бюджетке 220 млн доллар таза киреше түшкөн. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын сатылып, кыргыз экономикасына жумшалып жаткандыгын маалымат жыйында билдирген. Анда алтынды Кыргызстандын ичинде алып калуу аракети жүрүп жатат.

Тышкы башкаруу кирген маалда алтын өндүрүшүнө зарыл болгон жабдыктар жана техникалардын запастык бөлүктөрүн алып келүүдө маселе жаралган. Анткени ишкананын банк эсептери, электрондук документ жүгүртүү тутуму кулпуланып калган. Бирок ошого карабай өндүрүш токтогон эмес. Учурда ал көйгөйлөрдүн бардыгы чечилген. Техникаларды оңдоп-жөндөөчү жай үзгүлтүксүз иштеп жатат.