Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-февралда Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Силкинүү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Ошондой эле 17-февралда саат 16:11де Жалал-Абад облусунун аймагында дагы бир жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылында жана Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.