Ысык-Көл облусунда союз мезгилинде завод-фабрикалар иштеп келген айылдарда өнөр жайын кайра жандантып өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү аракеттери жүргүзүлүүдө.
Бул багытта Ысык-Көл облусунун бир нече айылдарында тигүү цехтери ишке киргизилди. Иш берүүчүлөрдүн билдирүүсүндө бул эки тарапка тең эң ыңгайлуу шартты түзүп жатат. Анткени айыл жеринде жумушчу күчү көп, мындан сырткары өндүрүштүн токтоп калуу коркунучу жок.
Түп районунун Ак-Булак айылында жаңы жумуш орундары ачылды. Мындай мүмкүнчүлүк тигүү цехинин ишке кириши менен түзүлүп, жалпы жүз он эки адам туруктуу иштеп баштады. Бишкек шаарындагы ири тигүү цехи Түп районунда экинчи филиалын ишке киргизүүдө. Буга чейин район борборунда жүз орундук филиал иштеп баштаган. Инвестор экинчи тигүү цехин ачуу үчүн жалпы жыйырма беш миллион сомдон ашуун инвестиция салган.
Бул долбоорду ишке ашырууда негизи жумуш ордуна өтө муктаж айылдар тандалып алынды. Ак-Булак айылында союз мезгилинде Күрмөнтү цемент заводу иштеп келген. Азыр завод токтоп тургандыктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чечими менен бул айылга инвестор тартуу, жумуш орундарын түзүүнү көздөп турушат. Ушундай эле долбоор Тоң районунун Кажы-Сай айылында да ишке ашты. Буга облустук өнүктүрүү фонду да колдоо көрсөтүүдө.
Негизинен жакынкы эки жыл аралыгында Ак-Булак айылында цемент, акташ жана кирпич чыгаруучу заводдорду ишке киргизүү каралып жатат. Бул долбоорлор ишке кирсе айылдагы миңден ашык адам жумуш орду менен камсыз болмокчу.
Ал эми жаңы жумушка тартылган айыл тургундарынын токсон пайызын ишкана өзү окутуп, даярдаган. Окуу бекер жүргүзүлүп, элеттиктерди жаңы кесипке үйрөтүү аркылуу туруктуу иш менен камсыздоого жол ачылды.