COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 8 миң 309 адам алды.
Жалпы эмделгендердин саны 1 миллион 399 миң 788 адамга жетти. Ал эми экинчи өлчөмүн сутка ичинде 717 адам алып, республика боюнча жалпы саны 1 миллион 136 миң 934 адамды түздү. Ошондой эле, бустердик доза же үчүнчү өлчөмүн 593 адам алды. Алардын жалпы саны 101 миң 110 адам болду.