Россиядагы “Профит Сервис Центр” ишканасы, Кыргызстандын ал жакта эмгек мигранты болуп жүргөн 21 жаранынын эмгек акысын төлөбөй жүргөн.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 13-октябрында, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги биздин жарандардын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чарасынын алкагында, бул иш тууралуу арыз берген тараптардан билип, чара көрө баштаган.
"Бул маселе боюнча консулдук бөлүмдүн кызматкери “Профит Сервис Центр” ишканасынын өкүлү менен жолугушуп сүйлөштү. Жыйынтыгында биздин жарандарга жалпысынан 2 миллион 520 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акылары төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.