Кыргызстандын жүк ташуучулары Казакстанга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар ташыганда жанында QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул Казакстандын салык, бажы кызматтарынын көзөмөл-текшерүү иш-чараларынан өтпөстөн эле маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет.
Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ алкагында көмүскө соода жүгүртүүнү азайтууга багытталган эки өлкөнүн фискалдык органдарынын ортосундагы өз ара аракетти күчөтүү тууралуу макулдашты.