Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси көбөйдү

Республикада калктын номиналдык акчалай кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрында 397 млрд сомду түздү жана 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

2021-жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 355,2 млрд. сомду түздү жана 2020 жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,5 пайызга өстү. 2021-жылдын январь-сентябрында республика боюнча жалпысынан кирешелерди мүнөздөгөн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, адам башына болгон колдогу акчалай киреше, айына 6 511,9 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,5 пайызга көбөйдү.