Мурдагы Ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев бүгүн Бишкек шаарында акыркы сапарына узатылды.
Маркум менен коштошуу зыйнаты борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага анын замандаштары, расмий бийлик өкүлдөрү, саясатчылар жана маркумдун жакындары катышты. Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган.
1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук Банкта күзөтчү болуп ишке орношуу менен баштап, кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта ыкчам иликтөө кызматкерине чейин жеткен.
2008-2010-жылдары Ички иштер министри болгон. Ага революциядан кийин "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлуп, бирок кийинчерээк далилдердин жетишсиздигенен улам ал бардык айыптоолор боюнча акталган. Молдомуса Конгантиев милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Молдомуса Конгантиев 63 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.