Жаңылыктар
Жалал-Абад шаардык мэриясы электрондук документ жүгүртүү тутумунда иш алып барууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаардык мэриясы электрондук документ жүгүртүү тутумунда иш алып барууда

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан “InfoDocs” электрондук документ жүгүртүү тутуму республика боюнча 33 мамлекеттик органда, аларга караштуу 500дөн ашуун ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө ишке киргизилген болсо, Жалал-Абад шаардык мэриясы тутумга өткөн жылдын апрель айында туташып, ийгиликтүү иштеп жатат. 

Мэриядан сырткары калаадагы 15 муниципалдык мекеме дагы ушул тутумга кошулуп, бүгүнкү күндө документтер электрондук кат алмашуу түрүндө жүгүртүлөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы “санарип аймак” алкагындагы кожолуктардын үй-чарба китептерин базага түшүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Базага каттоо жумуштары ушул күндө 65 пайызга бүткөрүлдү.

“Кожолуктардын үй-чарба китептерин базага түшүрүү иштеринин 35 пайыз жумушу калды. Алар боюнча иш алып барып жатабыз. Ошол эле учурда бизге көйгөй жараткан маселе бар. Көпчүлүк жарандар үйүндө жашабайт, кээ бири чет өлкөдө жүрсө, айрымдарынын кызыл китептери жок",- деди Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов.