Жаңылыктар
Алай районунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Алай районунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Алай районунда жер титиреген учур катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-февралда саат 23:41де, Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Силкинүү Алай районунун Нура айылында 3 баллга, Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйраган имарат катталган жок.