Жаңылыктар
Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй музейи министрликке өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй музейи министрликке өтөт

Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй музейин Маданият министрлигинин балансына алуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Үй музей акыркы жолу 20 жыл мурда оңдолгон. Учурда үй музейде эки миңден ашык экспонат бар. Бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан шыбынан суу кирип, андан өткөн тамчы, ным тарткан дубалдар кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.