Жаңылыктар
Бишкектин Сүйүнбаев көчөсүндөгү тез татым жайлары санитардык талаптарга жооп бербейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Сүйүнбаев көчөсүндөгү тез татым жайлары санитардык талаптарга жооп бербейт

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы Сүйүнбаев көчөсүн бойлой жайгашкан тез тамактануучу жайларга рейд жүргүздү. 

Текшерүү учурунда ондогон тез татымдын бат даярдалуучу шаурма, гамбургерге кошулган эттин адал экенин тастыктоочу сертификаты жок экени аныкталды. Инспектордун айтымында, буга чейин бул жайларга бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Себеби ичинде иштеген кызматкерлер эттин сертификатын, азыктардын каяктан, кантип даярдалаарын билбей турганын, тамактануучу жайдын ээси башка экенин айтып, кожоюнуна телефон чалымыш болуп кутулушат. 

Ошол эле учурда тез татымдарда санитардык эрежелер сакталган эмес, ичинде иштегендердин санитардык китепчеси жок, өздүк гигиенага да көңүл бөлүнбөйт. Бирок ага карабай заматта даяр болгон тез татымдарга катары менен кезекте турган кардарлар дале көп. Расмий статистикага таянсак, азыр өлүмгө алып келген ооруулардын алдында жүрөк, кан тамыр ооруулары, кан диабети турат. Мунун баары туура эмес тамактануунун кесепетинен күч алып аткан ооруулар, - дешет адистер.

Адистер жарандардын тамак-аш коопсуздугун сактоо үчүн ден соолукка кедергисин тийгизүүгө жол ачкан, санитардык талаптарга жооп бербеген тез татым жайларына карата катуу чара көрүү керек экенин белгилешет.