Жаңылыктар
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 12-февралда көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 12-февралда көз жумду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 12-февралда көз жумду. Аны менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, коштошуу зыйнаты 14-февраль күнү саат 10:00дө башталат. Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган. 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта ыкчам иликтөө кызматкерине чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кыл кызматтарды аркалаган, Бишкек шаарынын милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Кийин Ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген. Ага революциядан кийин "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган. Кийин 2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган.

Молдомуса Конгантиев милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ар кандай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын генерал-лейтенанты наамына чейин кызмат өтөгөн, бирок анын үлүшүнө оор сыноолор түшкөн.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, Коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши жана Генералдар клубу, ошондой эле ИИОнун өздүк курамы отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.