Жаңылыктар
Өткөн суткада 49 кишиден коронавирус аныкталып, 238 бейтап сакайды
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн суткада 49 кишиден коронавирус аныкталып, 238 бейтап сакайды

Өткөн суткада 49 кишиден коронавирус аныкталып, 238 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган. Ооруну жуктургандар Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 7 адам. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 миң 20 кишиге жетип, анын ичинен 192 миң 735 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт үч бейтаптын өмүрүн алган. Алардын экөө Бишкек шаарынын, бири Ысык-Көлдүн тургундары болгон. Бүгүнкү күндө республика боюнча 513 бейтап стационарларда, ал эми 2 286 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 212 бейтаптын абалы оор болсо, 54 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.