Жаңылыктар
Сыртка чыккан каражаттар
Кыргызстан жаңылыктары
Сыртка чыккан каражаттар

Былтыр Кыргызстандан сыртка 562 миллион 770 миң доллар которулган. 

Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. 

Мында жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу жиберген каражаты гана эсептелген. 

Бул көрсөткүч мурдагы жылдагы суммадан 74,5 миллион долларга көп. 2005-жылдан берки цифраларды алсак, анда былтыркы жылдыкы рекорд болуп эсептелет. 

Мисалы, 2021-жылы — 562,8; 2020-жылы — 554,6; 2019-жылы — 542,3 миллион доллар. Башка жылдары көрсөткүчтөр 500 миллион доллардан аз болчу.