Жаңылыктар
ЕАЭБ: макроэкономикалык абалга талдоо
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: макроэкономикалык абалга талдоо

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграциялык процесстерди толук аягына чыгаруу үчүн ага тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу керек. 

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, экономика илимдеринин доктору Сергей Глазьев билдирди. 

Министр бүгүн Муса Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университетинде эмгек жамааты жана студенттер үчүн лекция өтүп, биримдиктин алкагындагы интергациялык процесстер боюнча маалымат берди. 

Анын айтымында, ЕАЭБди өнүктүрүү макстатында азыркы учурдагы биринчи кезектеги тапшырма- Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өз мөөнөтүндө жана сапаттуу куруп, анын алкагында өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, энергетика, тарнспорт жана инфраструктура маселелерине артыкчылык берүү. 

Өз кезегинде лекцияда алынган маалыматтарды окуу жайдын эмгек жамааты өз эмгектеринде колдонуп, жаңыилимий потенциалды жогорулатууга мүмкүндүк берет.