Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлайт.
Коллегияда бардык кинодирекциялардын аткарган иштери, көйгөйлүү маселелер, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана маалымат алмашуу темасындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
"Келерки жылга облустук жана райондук кинодирекцияларга кинотеатрларга видео көзөмөл орнотуу, ошондой эле акыркы чет элдик тасмалар менен кардарларды тартуу жолдорун табуу боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Коллегиянын алкагында татыктуулардын эмгеги белгиленип, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча алдыңкы кызматкерлер диплом жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.