Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
12-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.
Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы божомолдонууда.
13-14-февралда түнкүсүн жана 15-февралда күндүз айрым жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.