Кыргызстан калкынын номиналдык акчалай кирешеси өткөн жылдын январь-сентябрь айыларына карата 397 миллиард сомду түздү.
Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.Бул сумманын ичинен 66,8 пайызы — иштеген жеринен эмгек акы катары алган киреше.
Ал эми пенсия, жөлөк пул - 14,8%, жеке чарбалардан түшкөн киреше 13,7 жана башка акчалай түшүүлөр 4,7 пайызды түзөт.
Мунун негизинде Статком өлкөдө бир айдын аралыгында ар бир адамдын колунда 6 миң 511 сом болорун эсептеп чыккан.